Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.06.2018 11:41

Жаныбек Ашыралиев Жумгал РИИБдин башчылыгына келди (фото)

Turmush -  Жумгал РИИБдин башчылыгына Жаныбек Ашыралиев дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К.Жунушалиевдин ушул жылдын 18-июнунда чыккан буйругу менен милициянын полковниги Ашыралиев Жаныбек Анарбекович Жумгал РИИБдин башчылыгына дайындалган. Аны кечээ, 19-июнда Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев Жумгал РИИБдин өздүк курамы менен тааныштырып, жаңы кызмат орду менен куттуктады.

Милициянын полковниги Ашыралиев Жаныбек Анарбекович ички иштер органдарынын катарында 1993-жылдан тартып кызмат өтөп келет. Ал азыркы кызмат ордуна чейин Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБдин башчысы болуп эмгектенип келген.

Ошондой эле, милициянын подполковниги Максатбек Сыргаков Жумгал РИИБдин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Нарын РИИБдин криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп кызмат өтөп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×