Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 20.06.2018 09:58 На русском

Жогорку Кеңешке жаңы келген 2 депутат ант берди

Turmush -  

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Тариэль Жоробеков ант беришти.

Б.Турусбеков парламентке «Бир Бол» фракциясынан депутат Игорь Чудиновдун ордуна келди. И.Чудиновго карата Бишкек шаардык сотунун айыптаган өкүмү чыккандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Борбордук шайлоо комиссиясы Т.Турусбековго депутаттык мандатты 14-июнда ыйгарган.

Т.Жоробеков парламентке «Республика – Ата Журт» фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжановдун ордуна келген. Б.Ибраимжанов Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×