Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу 20.06.2018 10:58

Видео — 80 жаштагы Мамат Кулматов медициналык факультетте 2-курсту аяктады

Turmush -  Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын 80 жаштагы тургуну Мамат Кулматов фармацевт адистиги боюнча 2-курсту аяктады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Билим алуу бешиктен кабырга чейин» деген сөз аксакалдын негизги принциптеринин бири. Ал өзүнөн 60 жаш кичүү студенттер менен окуп, дары жасоонун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүдө. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн дабагерчиликке арнаган Мамат аксакал сабактан сырткары үйүндө бейтаптарга дары жасап берет. Ал быйыл дарылоо боюнча алгачкы китебин жазып жатат.

Мамат Кулматов 1938-жылы туулган. Жаштайынан атасынан айрылып, кыйынчылыктын далай күндөрүн башынан өткөргөн.

«Менин атам райондук гезитте журналист болчу. Согушка кетип кайтпай калды. Согуш учурунда айылда кыз-келиндер гана калган. Менин жаштык кезим кыйын учурга туш болду. Кыйынчылыкты баштан өткөрдүм. 1944-жылдан баштап колхоздо суу ташып иштедим. Алгач А.Навои атындагы орус тилдүү мектепте 7-класска чейин окуп, айыл чарба техникумуна тапшырдым. Андан кийин Ош шаарындагы педагогикалык институтта биология, химия адистиги боюнча билим ала баштадым. Бирок окууну толук бүтпөй эле Токмоктогу авиациалык окуу жайга которулуп кеткем. Ал жерде окуп жатып, 1963-жылы аскерге Калининград облусуна бардым. Ошондой эле Латвия, Литвия, Эстония, Белоруссия, Польша, Германияда болдум.

Аскерден келгенден кийин айылда бир жыл бодо мал бактым. Андан кийин райондогу өрт өчүрүү кызматында командир болуп эмгектендим. Мен агрономия тармагында да билим алгам. Билим алуунун эрте-кечи жок. Канчалык көп окуганым менен шарттын жоктугунан окуу жайларды толугу менен аяктай албай калдым. Ар кайсы тармактан билим алсам да, мага эң жакыны медицина болду. Ар кандай ооруга чалдыккан адамдарды көрүп, аларга жардам бергим келчү. 2004-жылы бир жигиттин жардамы менен Бишкекке дары жасоочу окуу курсуна бардым. Ал жерден дары жасоонун кытайлык, тибеттик ыкмаларын үйрөндүм. Ошондон бери чөптөрдөн дары жасап, адамдарга жардам берип келем», - деди ал.

Аксакал 2016-жылы Аравандагы «Дулдул ата» колледжинин фармацевтика бөлүмүндө билим алып баштаган. Алгач атасынын билим алуусуна балдары каршы чыгышкан эле.

«Окуу жайга кокустан таанышым аркылуу келип калдым. Колледжге келсем окуучулар тапшырып жатышыптыр. Мага да "тапшырып көрбөйсүзбү" деп калышты. Жыйынтыгында окуу жайга өтүп, окуп калдым. Башында аялым, балдарым каршы чыгышты. "Карыганда окубай эле койбойсузбу" дегендер да болду. Алгач тайпалаштарым дагы таң калып жатышкан. Убакыттын өтүшү менен көнүп кетишти. Агайларыбыз да башында ыңгайсыз болуп жүрүштү. Өзүм биолог, химик болгон үчүн дары жасоодо көп талаш-тартыштар болуп турат. Мен билгендеримди аларга, өзүм билбегендерди алардан үйрөнүп келе жатам», - деди аксакал.

Анын тайпалашы Гүлноза Шерматованын айтымында, алгач алар Мамат мырзаны небересин окууга алып келген деп ойлошкон. «Биринчи көргөндө небересин алып келди деп ойлодук. Окутуучубуз кирип, тайпалашыңар деп тааныштырганда аябай таң калганбыз. Бирок Мамат ага көптү билет. Биз билбегендерди андан сурап турабыз», - деди ал.

Мугалими Турдукан Орозбаева белгилегендей, М.Кулматов бир дагы сабакты калтырбай келет. «Ал биздин эң алдыңкы студенттерибиздин бири. Дары жасоого абдан кызыгат. Практикага бир дарыканага жөнөтсөк, агай 2 дарыканага барып, салыштырып, изденет. Айрым учурда биз билбеген ыкмаларды бизге үйрөтүп турат», - деди ал.

М.Кулматов учурда өлкөдө кеңири жайылып келе жаткан кант диабети, боор ооруларын айыктыруунун жолун издеп тапкан. Ал элдик медицинанын жардамы менен чөптөрдөн дары жасап, элди оорудан арылтуу аракетинде.

«Чөптөрдү тоолордон өзүм терип келем. Дары жасоого чөптөрдүн гүлдөгөн убактагысы жакшы болот. Күз, жай айларында чөп терүүгө чыгам. Азыр бейтаптар үйүмө келип, дарыларды сатып алып кетишет. Оштогу №5 дарыканага да дары жасап тапшырам. 3-курста ооруларды айыктыруу тууралуу китеп чыгарууну пландап жатам. Учурда китеп жазуудамын. Буга чейин медицина жаатында макалаларды гезиттерге берип келгем», - деди аксакал.

Ал 31 жашында үйлөнгөн. Учурда 4 кыз, 1 уул, 20дан ашуун небере жана 1 чөбөрөнүн атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×