Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Нарындагы театрдын чыгармачыл жамааты койгон «Маң» Астанадагы фестивалда мыкты спектакль деп аталды (фото)

Turmush -  Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрынын чыгармачыл жамааты Астанада өткөн «Самгау» эл аралык театр фестивалына Султан Раевдин «Маң» спектакли менен катышты. Жыйынтыгында фестивалда көрсөтүлгөн 14 спектаклдин ичинен 3 мыкты спектаклдин катарына кирди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, театр кызматкерлери ыйык сахнада театрдын жалпы жамааты менен кубанычтарын бөлүшүп жолугушту. Султан Раевге да ыраазычылыктарын айтышып, мындан кийинки чыгармачылык жолго бата тилеп, куран окутушту.

«Фестивалдагылар биздин “Маң” спектаклине өзгөчө маани берип, актерлорго ыраазы болушту. Биринчи орун деген болгон жок. Болгону мыкты үч спектаклди айтышты, ошонун бирөө биздики болду. Андан сырткары Астанадагы Горький атындагы орус драма-театры, Петропавловскийдеги Казак театрынын спектакли да мыкты деп табылды. Бирок ошонун ичинен биздикине философиясына жогорку бааларын беришти. Ал жерде көбүнчө Нарын театры жөнүндө башкача сөз болду. Москвадан келген сынчылар өзгөчө баа беришти десек болот», - деп билдиришти театр кызматкерлери.

Кубанычтары койнуна батпай, элине сыйлык жана сыймык алып келген театр жамааты эми Нарын элине спектаклдерди байма-бай тартуулайт.

«Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Жамийла” пьесасын алганбыз, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Октябрь айында Лондондогу сынакка даярдык башталат, андан сырткары Чехов атындагы сынакка чакыруулар келип жатат. Жакында Бишкектеги чоң театралдык фестивалга жолдомо алганы турабыз. Мына ушундай чоң иштер болуп жатат. Ошону менен катар Нарын элине чоң майрам тартуулайбыз, ошол спектаклдерди элдин алдына алып чыгып көрсөтүп баштайбыз. Менимче бул эл үчүн жагымдуу болот», - деди аталган театрдын директору Темирлан Сманбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1947
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×