Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Жаш талант: 12 жаштагы Бексултан онлайн сынактарга катышып, бир нече сыйлыктын ээси болду (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы №2 В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Бексултан Дүйшоков онлайн сынактарга катышып, ийгиликтерди багындырып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бексултан эл аралык деңгээлдеги онлайн сынакта грамота, дипломдор менен сыйланууда. Сынакка 3-11-класстын окуучулары катышып жатат.

Ал 2006-жылы Нарын шаарында төрөлгөн, учурда 12 жашта. Өзүнүн тынымсыз изденүүсү жана китепти көп окуп, интернетти туура пайдалана билүүсү менен окууда жакшы жыйынтык, жетишкендик көрсөтүп келет.

«Алгач онлайн-сынактар тууралуу билген эмесмин. Мугалимим Ольга Дмитриевна бизге "катышкыла, көргүлө" деп чакырды. Жыйынтыгында сынакка катышып, жакшы жыйынтык көрсөтүп жатам. "Фоксфорд" аттуу олимпиада бар. Бул олимпиададан 1 диплом жана 1 грамота алдым. Ошондой эле менталдык арифметикадан сертификатым бар, эсепке аябай кызыгам. Китепти көп окуп, орус чыгармаларынын улам жаңыларын окуп турам. Келечекте чоң программист болууну тилек кылам. Күн сайын мектептеги онлайн сынактарга катышып келем. Эми алдыда адамдарга жардам бере турган робот ойлоп чыгарууну пландап жатам», - деди Бексултан.

Анын апасы Айзат Ырыскелдиеванын айтымында, уулу тынымсыз аракетинин, окууга болгон умтулуусунунун натыйжасында ийгиликтерге жетип жатат.

«Биринчиден Ольга Дмитриевнага ыраазычылык билдиргим келет. Анткени классындагы балдарды дайыма көзөмөлгө алып, аларды сынактарга катыштырат. Онлайн-билим берүү ресурсу деп эсептелген сайтта кошумча ар бир сабактан маалымат алууга болот. Мындан сырткары "Фоксфорд" деген онлайн-мектеп бар. Ал жерден онлайн билим алууга болот, бирок ага акы төлөнгөндүктөн окуучулардын шарты жок. Ал эми сынактарына катышууга болот экен. Уулум 3 сабактан катышып, орус тилинен 3-даражадагы диплом алды. Андан кийин "Кыймыл" ("Движение") олимпиадасына катышты. Аталган сынактардын максаты — чет жердеги орус тилдүү мектептердеги балдарды олимпиадага катыштыруу. Бул сынакта Бексултан орус тили боюнча 4-орунга ээ болду», - деди ал.

Бексултан үй-бүлөдө 6 бир туугандын үчүнчүсү. Апасы мугалим болсо, атасы аскер кызматкери.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1395
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×