Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баткен

Кадамжайда стол үстүндөгү теннис боюнча мелдеште 9 жаштагы Самат жеңүүчү болду (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында эл мугалими Эржигит Шакировдун элесине арналган спорттук мелдештер болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, волейбол түрү боюнча айыл өкмөттөр аралык мелдешке 10дон ашык команда катышты. Ал эми стол үстүндөгү теннис боюнча 9 жаштагы Самат Шарапов (4-класс) жеңүүчү болуп табылды.

«Мен кечикейимден тарта теннис ойноп келем. Мени Эржигит агайым машыктырат. Уюштуруучуларга рахмат. Келечекте биз да өлкөнүн желегин көтөрүп, чемпион болгум келет», - деди Самат Шарапов.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 866
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×