Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 19.06.2018 10:11

Жаш талант: 9 жаштагы Нурэл Малайзияда өткөн менталдык арифметика боюнча олимпиадада 1-орунду алды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 9 жаштагы тургуну Нурэл Орозбеков Малайзия мамлекетинде өткөн менталдык арифметика боюнча олимпиадага катышып, 1-орунду алды. Бул тууралуу Нурэлдин апасы Айнура Макеева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Нурэл учурда Балыкчы шаарында № 4 гимназияда 2-класста окуп жатат.

«Эки жылдан бери өзү окуган гимназияда менталдык арифметика боюнча кошумча билим алып келет. 31-майда Бишкекте өткөн олимпиадага да катышып келген болчу. Ал жактан 4-даража боюнча катышып, 2-орундун сертификатын жана медалын багындырган. Жыйынтыгында чет өлкөгө жолдомо алды. Малайзия мамлекетинин Куала-Лумпур шаарында өтө турган олимпиадага кыргызстандык үч окуучуга орун берилген. Анын бири менин уулума буюруп, барып келди. Жол кире акысын биз төлөп берсек, ал эми жатаканасы жана тамак-аш акысыз болду. Олимпиаданын жыйынтыгында 1-орунду жеңип, кубок жана сертификат менен сыйланды. Ал бош убактысында футбол ойноп, ырдап, «Манас» эпосунан үзүндү айтат. Келечекте милиция кызматкери болгусу келет», - деди А.Макеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×