Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.06.2018 09:09

Ак-Моюн айылындагы жаштар волейбол мелдешине түштү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында Орозо айтка карата жигиттер жана кыздар арасында волейбол мелдеши уюштурулуп, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 15-июнь күнү өткөн турнир Ак-Моюн жана Жаңы-Күч айылынын жаштарынын демилгеси менен уюштурулду. Айылдан чыккан ишкерлер тарабынан байге фондуна 10 миң сом коюлуп, айыл ичиндеги жигиттерден 6, кыздардан 3 команда мелдешке түштү.

Жыйынтыгында 4 команда жеңүүчү деп табылып, 1-2-3-4-орундарды алгандар кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Бул оюн 2 жылдан бери Орозо айтка карата уюштурулуп келет. Жыл сайын өтмө кубок жеңүүчү командага өткөрүлүп берилет. Турнирде 3 жыл катары менен жеңүүчү болгон тайпа кубокко ээлик кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×