Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Нарындын Дөбөлү айылында төкмө акындардын айтышы өттү (фото)

Turmush -  Нарын районунун Дөбөлү айылында төкмө акындардын «Эл ичи – өнөр кенчи» аттуу айтышы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына саамалыктын уюштуруучуларынын бири Нурсултан Малдыбаев билдирди.

Маалыматка караганда, айтыш быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулган. Ага аймактардан келген 18 төкмө акын катышты. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен баш байге Жалал-Абаддан келген төкмө акын Жылдызбек Төрөкановго ыйгарылды. Ал эми 1-орунга Болот Назаров, 2-орунга Жанайка Токонова, 3-орунга Нурсултан Малдыбаев ээ болушту. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 914
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×