Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

«Катуудан — тиш оору, жумшактан — ич оору жаман»: Нарында калктын 80 пайызы тиш оорусу менен жабыркашат (фото)

Turmush -  Тиш ооруларын алдын алуу ар бир адамдын колунан келет, ал үчүн эмне кылуу керек? Аймактык кабарчы бул суроого жооп алуу үчүн Нарын облустук стоматология бейтапканасынын дарыгери Ажыбек Мааданбековго кайрылды.

Ар бир эне боюнда бар кезинен баштап баланын тишине жакшы кам көрө баштаганы туура. Бала төрөлгөнгө чейин жана төрөлгөндөн кийин да туура тамактануу тишке кам көрүүнүн башкы көрсөткүчү. Тиш дарыгерлеринин айтымында, Нарын облусунда бүгүнкү күндө 80 пайыздан ашык жашоочулар тиш оорулары менен жабыркайт. Алардын 70 пайызы оору өөрчүп кеткенде дарыгерлерге кайрылышат.

«Нарын облустук стоматология бейтапканасына башкы дарыгер болгонума 14 жыл болду. Ушуга чейин жылда статистиканы тактап келем. Бүгүнкү күнгө чейин Нарын облусундагы 80 пайыз эл бул дарттан арыла элек. Анын факторлору көп. Биринчиси эле ар бир эне боюнда бар кезде баштоо керек, ал кезде баланын сүт тиштери дагы, туруктуу тиштер дагы пайда болот. Өзгөчө токсикоз болгондо ооруканага жатып дарыланыш керек. Бул убакта эне менен баланын ортосунда ар кандай физиологиялык процесстер жүрөт, ар кандай заттар бөлүнүп чыгат. Буга эненин реакциясы кетет, энеге көп таасирин тийгизет. Экинчиден эненин тамактануусун айталы. Таттуу заттардын негизги курамы 80 пайызы углевод болот. Бул углевод адамдын канына сиңгенден кийин, кандын курамындагы кальцийди сыртка алып чыгып кетет. Анда дененин баарында декальцинация болот. Мында кальций жетпейт, сок, печенье, пирог да ошолордун катарына кирет, а бизде негизги тамак ошол болуп жатат. Жаңы төрөлгөн баладан баштап 80-90 жашка чыккан абышка, кемпирге чейин чайга кант салмайын ичпей калбадыкпы. Мындан улам 35 жашка чыккандар жасалма тиш кийип калып жатышат», - деди дарыгер.

Дарыгер туура тамактануу жана тишти сактоо үчүн кандай азыктарды пайдалануу керектигин да айтып берди.

«Эң негизгиси тишке зыяны тийбеш үчүн, деги эле туура тамактануунун мүнөзү — бул углеводду азайтуу. Эт, сүт азыктарды, жер-жемиштер, мөмө-жемиштерди жесе болот. Өрүк, мейиз, курма, капуста жесе болот.

Ата-энелер балдарынын тиштерине өз убагында көңүл бөлүп турушса деле болот. Бирок алар оору өөрчүп кеткенде кайрылып жатышат. Экинчиден, элдин жашоо деңгээлинин төмөндүгү себеп. Бүгүнкү күндө 1 адамдын 1 айлык жашоосуна 13 000 сом акча керектелет экен. Ал эми элдин айлыгы 7000 болсо, аны кантип жеткирет? Мурда мектептерде алдын алуу иштерди катуу жүрчү. Балдардын тишинин оорусун өтүштүрбөй эле алып келишчү», - деди дарыгер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1346
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×