Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 18.06.2018 12:35

Видео — «Алай» клубу «Кара-Балтаны» экинчи ирет ири эсеп менен утту

Turmush -  Кечээ, 17-июнда Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын кезектеги туру болуп (Топ лига), Оштун «Алай» клубу өз үйүндө Кара-Балта шаарынын «Кара-Балта» клубун кабыл алды. Бул оюнга аймактык кабарчы да күбө болгон.

Оюндун 1-таймын коноктор ийгиликтүү баштап, «Алай» клубунун дарбазасына гол киргизүүгө жетишти. Арадан көп убакыт өтпөй талаа ээлеринин жарым коргоочусу бурчтан чыгарылган топту «Кара-Балтанын» дарбазасына киргизүүгө жетишти. Оюн андан ары уланып, «Кара-Балта» клубу активдүү чабуулдарга өтүп жатты. Анын жыйынтыгында «Алай» клубунун коргоочуларынын катасы менен 11 метрлик айып берилди. Аны коноктор натыйжалуу пайдаланышып, эсеп тактайчасы жаңырган.

Андан кийин талаа ээлери чабуул артынан чабуул жасап жатып, экинчи голун да киргизүүгө жетишишти. Арадан көп убакыт өтпөй үй ээлери 3-голду коноктордун дарбазасына киргизип, 3:2 эсеби менен 1-тайм аяктаган. Ал эми экинчи таймда эки клуб тең чабуул артынан чабуул жасап жатышты. Бирок «Кара-Балта» клубуна оомат жылмайган жок. Анткени коноктор «Алай» клубунун дарбазасына алдында белгиленген 11 метрлик айып соккуну да бекер кетиришти. Акыры активдүү чабуулдардын натыйжасында «Алай» клубу «Кара-Балта» клубунун дарбазасына дагы 3 топ киргизүүгө жетишип, эки таймдын жыйынтыгы 6:2 эсебин көрсөттү.

Өткөн сезондо «Кара-Балта» клубу «Алай» клубуна 10:0 эсебинде уттурган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×