Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусу, Айдаркен 18.06.2018 10:05

Айдаркендик балбан А.Арипов мелдештен «Волга» үлгүсүндөгү унаа утту (фото)

Turmush -  Кечээ, 17-июнда Айдаркен шаарында баш байгеге «Волга» унаасы коюлган кыргыз күрөш боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Айдаркен шаарынын вице-мэри Азамат Сайтов билдирди.

Маалым болгондой, Баткен, Ош облустарынан келген 200дөй балбан катышкан мелдеште 60 кг чейинкилер арасында 1-орунду Караматуллох Курбанов алды. Ал эми 85 кг салмакка чейинкилер арасында 1-орунду Арстан Арипов ээлеп, ага баш байгеге коюлган унаа тапшырылды.

«Бул күрөштө жалпы 60-85 кг чейинкилер жана 85 кг жогорку салмактагылар күч сынашты. Оштун Ноокат районунан, Лейлектен, Баткен, Кадамжайдан 200гө жакын балбандар келишкен. Баш байгеге «Волга» үлгүсүндөгү унаа, 2-орунга тай, 3-орунга сыналгы, килем коюлган. Мындан сырткары акчалай сыйлыктар каралган», - деди ал.

Мелдешти өткөрүүгө жергиликтүү фонддун өкүлдөрү каржылык колдоо көрсөтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×