Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Депрессияга түшкөн адам көйгөйүн эч кимге айтпайт, - психикалык борбордун жетекчиси Д.Бараталиева

Turmush -  Ош облустук психикалык борбордун жетекчиси Дамира Бараталиева 36 жылдан бери психикалык жактан жабыр тарткан бейтаптар менен иштешет. Дүйнө боюнча «психикалык норма» деген түшүнүк жоголуп, бардык адамдарда депрессиянын башталышы бар, дейт дарыгер.

Бейтаптар дарыгерлерди халатынан билип, сүйүнүп тосуп алышат. Аларда дары берсе тынч уктайбыз деген түшүнүк бар.

«Алгач жумушка киргенде ар бир бейтап үчүн кайгырып, бул эмнеге мындай болуп калган деп изилдеп, абалын көрүп алып ыйлаган күндөр болгон. Бирок күндө көрө берсең таң калбай калат экенсиң. Азыр бейтап келсе карап туруп эле диагноз коюп коем», - деди Д.Бараталиева.

Анын айтымында, күчөп кеткен психикалык дарттарды айыктыруу кыйын.

«Оорунун эң оор төрт түрү бар: шизофрения, аффективдүү бузулуу, эпилепсия жана акыл-эстин өөрчүбөй калуусу. Бейтапты ушуга жеткирбей алып келишсе дарылар таасир этет. Ал эми бул төрт баскычтагы ооруну дары айыктырбайт, убактылуу гана токтотуп турат. Мисалы, кулактарына угулган үндөрдү токтотот», - деди дарыгер.

Мындай дарт менен жабыркаган балдарды багуу ата-энелер үчүн да чоң түйшүк.

«Акыл-эси өөрчүбөй калган айрым балдарды ата-энелери интернатка беришет. Өспүрүм убакта мындай балдарды үйдө кармоо кыйын болуп калат. Мисалы, бир палатада шизофрения оорусу менен ооруган 4 бала жатып калса, алар бири-бирин таанышбайт. Себеби, алар өз дүйнөлөрүндө жашашат.

Студент практиканттар келгенде алгач аларга күлкүлүү болот. Бир ирет оорукчан келин күндө эле Шохрук келди деп айтып жүрдү. Биз жолдошу келген го деп ойлодук. Бир күнү Шохруктан эгиз балалуу болдум деди. Көрсө, Болливуд актерун айтып жаткан экен.

Адатта нерви чарчагандар "бүгүн чарчадым, менде мындай маселе бар" деп айтат. Ал эми депрессияга түшкөн адам көйгөйүн эч кимге айтпай, асынып алышы мүмкүн. Ар кандай абалды алдын алуу үчүн психолог бала менен өспүрүм убактан тарта иштеп башташы керек. Аскерге кабыл алып жатканда да психологдор ар бири менен жеке сүйлөшүү кылса дейм», - деди Д.Бараталиева.

Анын айтымында, адам баласында депрессия таңга маал күч алат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1125
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×