Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Ат-Башыдагы ооруканага 16 адам кутурмага байланыштуу кайрылды, кичүүсү 1 жашта (тизме)

Turmush -  Нарындын Ат-Башы районундагы ооруканага 16 адам кутурма оорусуна байланыштуу кайрылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Казыбек айылында малга кутурма менен ооруган карышкыр кол салган.

Ооруканага кайрылган жашоочулар тиешелүү дарылоодон өтүп, алардын ичинен малдарды союуга катышкан адам ооруканага жаткырылды. Ал эми бул айылдагы мал-жандыктар Арпа жайлоосуна чыгарылган болчу.

Жайлоо Арпа в Ат-Башинском районе

Ооруканага кайрылгандардын тизмеси

- 1961-жылы туулган С.А., Бишкек шаарынын тургуну (жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды);

- 1981-жылы туулган К.О., Казыбек айылынын тургуну;

- 1981-жылы туулган Ж.К., Казыбек айылынын тургуну;

- 1963-жылы туулган И.А., Казыбек айылынын тургуну;

- 1992-жылы туулган Ж.К., (Казыбек);

- 1992-жылы туулган Т.А., (Казыбек);

- 2002-жылы туулган К.Д., (Казыбек);

- 2003-жылы туулган Т.А., (Казыбек);

- 2004-жылы туулган К.А., (Казыбек);

- 2011-жылы туулган К.А., (Казыбек);

- 2016-жылы туулган К.Н., (Казыбек);

- 2010-жылы туулган К.А., (Казыбек);

- 2013-жылы туулган К.Р, (Казыбек);

- 2014-жылы туулган Т.С., (Казыбек);

- 2017-жылы туулган Т.У., (Казыбек).

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишовдун айтымында, Казыбек айылынан Арпа жайлоосуна чыккан тургундун малына карышкыр кол салган. Бул окуядан кийин мал ээси менен ветеринар койдон кутурма оорусунун белгилерин байкап, Бишкек шаарына текшерүүгө жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен малга кутурма оорусу жукканы аныкталды.

«Бизге маалымат жеткенде дароо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү, ветеринардык жана медициналык дарыгерлер, айыл өкмөт башчы менен бирге кутурма оорусу чыккан Арпа жайлоосуна ыкчам текшерүү уюштурдук. Ал үй-бүлөдөгү 7 адам жана ошол учурда алар менен байланышта болгон тааныштары — жалпы 16 адам ооруканага келип, кутурмага каршы эмдөө алышты.
Ал эми малдарга керектүү дары-дармектер жөнөтүлдү. Өлгөн малдар өрттөлүп, жерге көмүлүп, хлорлонду. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат», - деди Ж.Тентимишов.

Казыбек айылынын тургундарынын айтымында, кутурма оорусу жуккан мал ээсинин короосуна карышкыр кол салганда 7-8 баш мал жабыркаган. Аларды айыктыруу үчүн керектүү дарылар колдонулганы менен жыйынтык чыкпай, андан шектенген тургун текшерүүгө алып барган. Ал эми айрым тургундар өлгөн мал дароо көмүлбөй, илинип турганын айтышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4388
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×