Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ош облусу, Ош 15.06.2018 14:50 На русском

Оштогу жатак лицейдин бүтүрүүчүсү Бегимай «алтын сертификат» алат (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак лицейинин бүтүрүүчүсү Бегимай Юсупбекова жалпы республикалык тестирлөөдөн 223 упай топтоду. Муну менен ал алдыңкы 50 абитуриенттин катарына кирди.

Бегимай жалпы республикалык тестирлөөгө бир жылдан бери даярданып келген. Ал келечекте дарыгер болууну каалайт.

«Мен Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Уч-Капчал айылынан болом. 10-класска чейин айылдагы Т.Оморкулов атындагы орто мектепте окугам. 2 жылдан бери Ош облустук У.Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак лицейинде билим алдым. Өзүм математика, химия сабагын жакшы көрөм. Келечекте дарыгер болууну каалайм. Ал эми тестирлөөдөн жакшы балл алуу үчүн мектеп программасынан сырткары кошумча курстарда окуп даярдандым.

Жакшы балл алам деп күтүп жаткам. Азыр жыйынтыгын угуп алып кубанып жаткан чагым. Мектепте да жакшы окудум», - деди бүтүрүүчү.

Бегимай 5 бир туугандын үчүнчүсү. Анын 2 агасы жана 2 иниси бар.

Жалпы республикалык тестирлөөдөгү «алтын сертификаттардын» ээлерине бардык мамлекеттик жогорку окуу жайдан өздөрү каалаган адистик боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле аларды өлкө башчы өзү куттуктап, белек да тапшырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×