Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абадда 3 млн еврого ыкчам медициналык жардам бөлүмү курулууда (фото)

Turmush -  Кыргызстанда алгачкы жолу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын базасында ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет. Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү бөлүмдөргө бөлүштүрүү багытындагы имараттын курулуш иши дээрлик аяктап калды.

Аталган оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын июль айларында пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Азыркы тапта курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

«Ыкчам медициналык жардам бөлүмүнө жалпысынан Германия өнүктүрүү банкынан 3 миллион евро бөлүнгөн. Ага курулуш иштеринен сырткары заманбап медициналык жабдуулар да алынат. Буюрса, шашылыш абалда келген бейтаптарга өз учурунда ыкчам жардам көрсөтүүгө эң сонун шарт жаралат», - деди ал.

Ыкчам медициналык жардам бөлүмүнүн курулушу былтыркы жылдын май айында башталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 518
Көп окулду
×