Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Парламент өкмөттүн 2017-жылдагы иштери боюнча отчетун канааттандырарлык деп тапты

Turmush -  Парламент премьер-министрдин өкмөттүн 2017-жылдагы иштери боюнча отчетун канааттандырарлык деп тапты. Мындай чечим бүгүн, 14-июндагы отурумда кабыл алынды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча 96 депутат «макул», 5 депутат «каршы» добушун берген.

Добуш берүү жыйынтыкталгандан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл өкүлдөрүнө кызуу талкуу үчүн ыраазчылык билдирди.

«Мен бул залда биринчи жолу премьер-министр катары отурам жана сиздерге кызуу талкуулаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мага сабак боло турган көптөгөн ой-пикирлерди уктум. Туура чечим кабыл алынды деп ойлойм. Биздин эл күтүп жаткан өзгөртүүнү өкмөт жасайт деп ишенем», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 510
Көп окулду
×