Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 14.06.2018 20:16

Айыл турмушу: Бакай-аталык дыйкан М.Абдыкадыр уулу жубайы экөө 40 сотых жерде кулпунай өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 26 жаштагы тургуну Абдыкадыр уулу Майрамбек 2 жылдан бери кулпунай өстүрүп, дыйканчылык кылып келет. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 40 сотых жерден жылына 350 кг ашык түшүм алууда.

«Биз жубайым экөөбүз төө буурчак айдоодон тышкары кулпунай өстүрүп, кошумча киреше таап келебиз. Мындан 2 жыл мурун күздө туугандарыбыздан кулпунайдын «черный принц» сортунун көчөтүн алып келип отургузганбыз. Ал жаз алды менен түшүм бере баштады. Кулпунайды бат-баттан чаап туруу керек. 1 жылда 4-5 жолу чаап келебиз. Ошондой эле сууну жакшы көрөт, аба ырайына карап сугарып турабыз. Азыркы учурда биринчи терим аяктады. Бир теримде 3 жолу түшүмүн алабыз. Ар бир тергенде 40-50 кг түшүм берет. 40 сотых жердеги түшүмдү терүү 2 кишинин колунан келбейт. Ошондуктан коңшу балдар келип, чакасын 25 сомдон терип кетишет. Майда балдар тергени келгенде жеп жыргап калышат (күлүп).

1 жылда 3 сыйрадан терип алабыз. Эми 15-20 күндөн кийин экинчи түшүмүн алып баштайбыз. Эң акыркы түшүмүн бир кар жааганча теребиз. Эсептесек жылына 350 кг түшүм алат экенбиз. Ар бир кг 50 сомдон сатабыз. Чаптырып, тердиргенден тышкары орточо эсеп менен 40 миң сом таза киреше түшөт. Бул каражат үй-бүлөбүздү багат. Муну убактысы менен чаап, отоп турсаң мындан да жакшы түшүм берет. Ал үчүн кулпунайды үзгүлтүксүз караш керек экен», - деди ал.

Дыйкан жигит 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×