Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусу, Нарын 14.06.2018 16:27

Нарында жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө 1200 сомдук азык-түлүк баштыктары таратылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-июнда Нарын шаарындагы жардамга муктаж болгон 20 үй-бүлөгө 1200 сомдук азык-түлүк баштыктары таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган кайрымдуулук иш-чарасын милиция кызматкерлери уюштурушту.

«Улуу Рамазан айы бүтүп бараткандыгына байланыштуу Нарын ОИИБдин өздүк курамы каражат чогултуп, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана жесир аялдарга жалпысынан 20 үй-бүлөгө азык-түлүктөрдү таратып жатабыз. Бул кайрымдуулук иштерибиздин негизги максаты — биздин милиция кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча гана чектелбестен кайрымдуулук менен алектенип, адамдарга үлгү болуу жана калк менен тыгыз байланышта болуу», - деди Нарын ОИИБдин башчысы У.Аалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×