Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 14.06.2018 15:40

Аксынын Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 мугалим талапкер болду

Turmush -  Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 мугалим кайрадан талапкер болду.

Кара-Жыгач айылдык кеңешинен билдиришкендей, айыл өкмөт башчылыгына мурдагы шайлоодон өтпөй калган 4 талапкер кайрадан көрсөтүлдү. Алар: Мамбеталы Ызаканов, Байгазы Сапарбаев, Элдияр Балтабаев жана Кален Сманов. Талапкерлердин баардыгы мугалимдер.

Айыл өкмөттү 1 жылдан бери мурдагы айыл өкмөт башчысы Батыркул Шабданов убактылуу жетектеп келүүдө.

Шайлоо 20-июнда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×