Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 14.06.2018 15:37 На русском

Игорь Чудинов Жогорку Кеңештеги мандатынан ажыратылды

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясы Игорь Чудиновду Жогорку Кеңештин депутатынын мандатынан ажыратты. Бул тууралуу комиссиянын бүгүн, 14-июндагы отурумунда маалым болду.

Ошондой эле анын күбөлүгү күчүн жоготкону айтылды. Ал эми бул чечимге соттун И.Чудиновго карата 5 млн сом айып салган өкүмү негиз болгон. Бишкек шаардык соту Октябрь райондук соттун өкүмүн 2018-жылдын 1-юнунда күчүндө калтырган болчу.

----------------------------------------------------------------------

Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 29-майында өкмөттүн мурунку мүчөлөрү — Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, экс-министр Чыңгызбек Узакбаев жана Т.Айдаралиевге карата кылмыш иш козголгон болчу.

11

Tazabek маалымдагандай, кылмыш ишке Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан берилген материалдар себеп болгон. Мурунку өкмөт мүчөлөрүнө КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (паракорчулук) менен 2009-2015-жылдары 200 млн сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданын максатсыз пайдаланылышы боюнча айып тагылды.

Жапаров Акылбек Үсөнбекович 2009-жылдын октябрь айынан тарта 2010-жылдын апрелине чейин Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри болгон. 2011-жылдын 24-декабрында финансы министри болуп дайындалган.

Чудинов Игорь Витальевич 2007-жылдын 24-декабрынан тарта 2009-жылдын 21-октябрына чейин Кыргызстандын премьер-министри болгон. 2009-жылдын 6-ноябрында Кыргызстандын Өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп дайындалган.

И.Чудинов менен А.Жапаров «Бир бол» партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.

МУККтун билдирүүсү:

«Чогулган материалдарга ылайык, 2009-жылдын 17-июлунда премьер-министр И.Чудиновдун буйругунун негизинде финансы министринин атынан Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду ошол учурдагы мыйзам ченемдерин бузуу менен «МИС» ААКга кант кызылчасын үстүрүү жана үрөн тазалоо заводун реконструкциялоо максатында 2012-жылдын 31-декабрына чейин кутулат деген жүйөө менен 200 млн сом бөлүп берген.

Буйрукка кол коюлганга чейин Т.Шандецкая аттуу жаран (И.Чудиновдун кайын энеси) «Бишкекстроймонтаж» ЖЧКсынан «МИС» ААКтын 24% акциясын сатып алган. Ошондой эле «МИС» ААК акцияларына А.Жапаров (мурунку экономика жана каржы министри А.Жапаровдун жубайы) жана башка адамдар ээлик кылып турган.

Андан кийин Каржы минстрлигине караштуу ЭӨМФ эки ирет (2012-2015-жылдары) «МИС» ААК мамлекеттик бюджеттин насыя боюнча карыздарды төлөө мөөнөтүн мыйзамсыз түрдө узарткан.

2017-жылдын 1-мартындагы абал боюнча, Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы «МИС» ААКтын карызы 237 млн 791 миң 75 сомду түзөт. Мындан тышкары, ушул эле учурда кылмыш иштин материалдары боюнча «МИС» ААК 95% акциялары ЖК депутаты А.Жапаровго байланышы бар адамдарга тиешелүү болуп саналат.

Соттук эксперттин корутундусу боюнча, «МИС» ААК түшкөн республикалык бюджеттин насыялардын 68 млн 248 миң 50 сому максатсыз пайдаланылган.

Мындан улам И.Чудинов, мурдагы айыл чарба жана мелиорация министрлери Ч.Узакбаев, Т.Айдаралиев, мурдагы экономика министри А.Жапаров жана башка адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×