Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Кара-Көлдүн мэри 280 адамга ооз ачуу уюштурду (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеев 13-июнда шаар тургундары үчүн ооз ачуу уюштурду.

Маалым болгондой, ооз ачууга 280 адам катышты. Анда шаардын имамы Бектен ажы Керезбаев Рамазан айында ооз ачыруу уюштуруунун сооптору тууралуу айтып берди.

«Рамазан айында орозо кармагандарды сыйлап, аларга ооз ачыруунун сообу өтө чоң. Рамазан айы жакшылыктарга, берекелерге, соопторго толгон өзгөчө касиеттүү ай.

Шариятта: «Бир адам орозо кармаган бирөөнү сыйлап ооз ачырса, орозо кармаган адамдын сообуна тете соопко ээ болот. Орозо кармаган адамдын сообунан да эч нерсе кемибейт» деп айтылат» - деди имам.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8682
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×