Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 14.06.2018 12:43 Жаңыланды: 16.06.2018 16:21 На русском

Видео, фото — Памирлик эже-сиңди 35 жылдан кийин Нарындан көрүштү

Turmush -  Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыз Шарафат Абдыхалык кызынын бир тууган эжеси Турдукан Абдыхалык кызы сиңдисине жолугуу үчүн Түркиядан келди, деп билдирди аймактык кабарчы. Маалым болгондой, эже-сиңдинин көрүшпөгөнүнө 35 жылдын жүзү болгон.

«Эжем Турдукан менен көрүшкөнүм үчүн чоң кубанычтамын. Биз 6 бир тууган элек: 5 кыз, 1 эркек. Үчөөбүз барбыз, бирөө Түркияда, бирөө Памирде болсо, мен Нарындамын. Эжем Рахманкул хан Памирден Түркияга кеткенде алар менен кошо кеткен. Мен азыр 56 жаштамын, эки уулум бар, күйөөм өтүп кеткен», - деди ал.

Эжеси 13-июнь күнү кечке жуук баласы менен Нарынга келди. Аны Нарында жашаган памирлик кыргыздар менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү — облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова жана шаар тургундары тосуп алышкан. Эже-сиңди бири-бирин кучакташып көрүшүп, аларды көргөндөр да көздөрүнө жаш алышты. Ал эми Турдукан Абдыхалык кызы тосуп алгандар менен учурашып, ыраазычылык билдирди.

«Боордошторду кабыл алганыңарга ыраазымын, айрыкча сиңдим менен мени көрүштүргөнүңөргө миң мертебе ыраазымын», - деп көзүнө жаш алып мукактана сүйлөп, Ван шаарында жашагандардын салам дубасын айтты.

Турдукан Абдыхалык кызы жол жүргөндүктөнбү же сиңдисине болгон кусалыгыбы, айтор кан басымы бир аз көтөрүлүп, медициналык жардам көрсөтүлдү. Өзүнүн айтымында 65 жашта, Түркиянын Ван шаарында жашап, 3 уул, 4 кыздуу болгон. Учурда күйөөсү да, өзү да иштебейт. Ал эми Кыргызстанга Ванда эмгектенген ортончу уулу менен келген.

Турдукан Абдыкалык кызы Нарында бир тууганы менен бир ай болот. Ал Түркиядан учак менен алгач Бишкекке келгенин, Кыргызстандын кооздугуна суктанганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

14.10.2017Видео, фото: Памирлик кыргыздарды алып келүүдө бийлик тараптан тоскоолдуктар болду, - вице-премьер-министр
23.10.2017Нарындагы памирлик кыргыздардын балдарды тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт, - дарыгер (фото)
18.11.2017Нарынга бүгүн памирлик кыргыздардын экинчи тобу келди (фото)
07.12.2017Фото — Тоң районунун делегациясы памирлик кыргыздардан кабар алып, жардам көрсөтүштү
15.12.2017Нарын районунун жергиликтүү бийлиги памирлик кыргыздарга 120 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүштү (фото)
23.12.2017Тогуз-торолуктар памирлик кыргыздарды жаңы жыл менен куттуктады (видео, фото)
26.12.2017Памирлик кыргыздардын балдары президенттик балаты майрамына катышат
27.12.2017Жети-Өгүздүн эли Нарындагы памирлик кыргыздарга акчалай жардам беришти (фото)
03.01.2018Тогуз-торолуктар Нарындагы памирлик кыргыздарды жаңы жыл менен куттукташты
05.03.2018Фото, видео — Нарында памирлик кыргыздар Ак калпак күндү кандай белгилешти?
21.03.2018Видео, фото — Нарында жашаган памирлик кыргыздар Нооруз күнү 1397-жылды тосуп жатышат
03.04.2018Бетине ун чачабыз: Памирлик кыргыздардын куда тосуу салты (видео)
09.05.2018Нарындагы памирлик кыргыздар жалпы кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттукташты (видео, фото)
22.05.2018Кочкордогу памирлик кыргыздарга орозого карата азык-түлүк берилди (фото)
22.05.2018«Кедейлер дагы битир-садага бериши керек»: Памирлик кыргыздар зекетти малдын санына жараша кандай беришет? (фото)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×