Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 14.06.2018 11:35

Кара-Буурада 7 жылга ижарага алган жерге үй салып баштаган адамга эскертүү берилди

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын Э.Д.Ботоев аттуу тургуну ижарага алган жерге мыйзамсыз түрдө үй салып баштагандыгы үчүн эскертүү берилди.

Мамэкотехинспекциянын маалыматына караганда, бул маселе боюнча аларга райондун акимчилигинен аталган адамдын жашылдандырууга алган жер тилкеге үй, короо-сарай салып баштагандыгын текшерип, анын мыйзамдуулугун аныктап берүү жөнүндө сураныч келип түшкөн. Териштирүү учурунда ал аталган жерди келишимдин негизинде жашылдандыруу үчүн 7 жылдык мөөнөткө ижарага алып, мыйзамсыз турак жай жана сарай салып баштагандыгын аныкташкан.

Тилкени максатсыз пайдаланган адамга жерди баштапкы абалына келтирип, мыйзамсыз курулуштарды буздуруу үчүн 1 ай мөөнөт берилди. Берилген убакытта коюлган талаптар аткарылбаса мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×