Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абадда жол кырсыктан бир үй-бүлө жабыркап, кош бойлуу келинге операция жасалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол кырсыктан бир үй-бүлө мүчөлөрү жабыркады.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Айбек Сатыбалдиевдин маалыматына караганда, жол кырсык 12-июнда Жалал-Абад—Благовещенка унаа жолунун 1-чакырымында катталган.

«Анда Жалал-Абад шаарынын Птицаград кичи шаарчасынын 1988-жылы туулган тургуну Ж.Улан «Тойота-Сурф» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Жалал-Абад багытын көздөй бара жатып, рулду башкара албай, алдында келе жаткан «ВАЗ-2107» унаасын сүзгөн. Экинчи унааны Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну М.Шумкар башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота-Сурф» унаасынын айдоочусу жана анын 2014-2016-жылкы балдары облустук ооруканага түшсө, 1992-жылы туулган жубайы А.Бегайым облустук төрөт үйүнө түшкөн», - деп билдирди ал.

Маалым болгондой, кош бойлуу келинге операция жасалган. Ал эми 4 жаштагы жана 2 жаштагы балдар баш мээсинен жараат алышкан. Ошондой эле 30 жаштагы айдоочу дагы жабыр тарткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 764
Көп окулду
×