Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 14.06.2018 10:52

Лейлекте мыйзамсыз жол менен 4 тоннадан ашык күйүүчү май алып өтүп жаткан тажикстандыктар кармалды

Turmush -  Бүгүн, 14-июнда Лейлек районундагы чек арачылар мыйзамсыз жол менен 4 тонна 2 литр күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган чет элдик 2 адамды кармады.

Маалыматка караганда, тажикстандык жарандар райондун И.Раззаков айылынан анча алыс эмес жерде, чек ара тилкесинен 100 метр аралыктан кармалды. Алар 4 тонна 200 литр дизель майын алып, Тажикстандын аймагына чек ара пунктунан башка жерден өтүүгө аракеттенишкен. Алардын жанында жүккө тиешелүү документтер жок болгон.

Кармалгандар административдик айып төлөштү. Маселенин чоо-жайын териштирүү үчүн кармалгандар күйүүчү майлар менен кошо тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×