Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусу, Токмок 14.06.2018 09:34

Түбөлүк сүйүү: Р.Абдульменов бала кезинде шайтан араба менен сүзүп алган кыз кийин өмүрлүк жары болорун билген эмес (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын тургундары Ришат Абдульменов менен Инна Божнева бирге түтүн булатып, чогуу жашап келе жаткандарына 25 жылдын жүзү болду. Бактылуу жубайлар жөнүндө аймактык кабарчыга алардын кенже кызы Сабина Абдульменова айтып берди.

Сабинанын атасы бала кезинде шайтан араба менен сүзүп алган кыз кийин өмүрлүк жары болуп каларын билген эмес.

«Менин ата-энемдин жашоосу өтө кызыктуу. Алардын сүйүүсүн, кантип таанышып калгандыгын жакшы бир чыгарма кылып жазса да болот. Атам татар-казактардын уулу, ал 1970-жылы Казакстанда төрөлгөн экен. Бала бакчага барганды жактырбай жүрүп, кийин мектепте абдан жакшы окуган. Өспүрүм кезинде ата-энеси менен Кыргызстанга Токмок шаарына көчүп келип, отурукташып калышкан. Атам Токмок шаардык техникумга окууга тапшырып, андан соӊ Германияга аскердик милдетин аткарууга барган. Апам орус кызы. Ал 1973-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн экен. Эки жашында ата-энеси менен чогуу Токмок шаарына көчүп келишкен. Алгач Токмок шаардык №5 орто мектепте билим алса, 6-класста №12 орто мектепке которулган. Андан соӊ таттууларды жасаган ашпозчу кесибин окуп, ошону менен иштеген», - деди ал.

Сабинанын айтымында, жубайлар бала кезинде бир короодо ойноп чоӊоюшкан.

«Алар бала кезинен бир короодо ойноп чоӊоюшкан. Бирок бири-бирин жакындан таанычу эмес экен. Сыртынан эле билишчү. Бир күнү атам шайтан араба менен апамды сүзүп алып, жакындан таанышуу ошол окуядан башталган. Бирок алар ошондо кийин бирге болуп калышарын билишпептир. Анда деле анчалык жакшы достошпоптур. Кийин атам техникумду аяктап жатканда гана дос болуп башташкан экен. Сүйүүлөрү жаӊыдан жанып баштаганда, атамды аскерге чакырып калышат. Албетте, ал кезде аскерге баруу мырзалар үчүн сыймык болгон да. Атам ошентип 2 жылга аскерге, алыскы Батышка кетет. Ал эми жаӊыдан тутанган сүйүүсү Токмок шаарында калат. Атам келгиче кандай болот, башка бирөөгө турмушка чыгып кетпейби деп катуу ойлонуптур. Бирок апам дагы атама ушунчалык ашык болуп калганынан, аны 2 жыл күткөн. Ошентип 2 жыл өтүп, атам аскерден келет. Алардын сагынычына, сүйүүсүнө чек жок эле. 1993-жылы үлпөт той өткөрүп, баш кошушкан. 1994-жылы алардын эӊ алгачкы баласы жарыкка келет. Атам менен апам ошондогу кубанычыбызга чек жок эле дешет. Анда улуу агам Рустам төрөлгөн эле. Андан соӊ 2 жыл өтүп мен төрөлдүм.

Атам учурда алыска жүк ташуучу унаа айдап иштейт. Апам болсо үй кожейкеси. Биздин үй-бүлө ынтымактуу жана ар бир курч кырдаалдан жеӊил чыгып кетебиз. Мен атам жана апам менен аябай сыймыктанам. Алар биз үчүн үлгүлүү үй-бүлө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×