Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Талас

Жеңеке: Таластык Уулкан жеңе жолдошун бир көргөндө эле баш кошууну өзү сунуштаган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Бейшеке айылынын 56 жаштагы тургуну Токторбаева Уулкан айым жолдошу Манатбек Мамыркуловду бир көрүп эле үйлөнүүгө сунушту өзү киргизген. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу экөөнүн баш кошкондоруна 38 жыл болду.

«Бала күнүмдөн эле өзүм тандаган адам менен жашайм деп кыялдана берчүмүн. Атам тоодо мал багып, мен болсо ат үстүндө балдар менен чоңоюп, кой жайып, ат үстүндө эле жүрчүмүн. Ошондой шоктугумдан жолдошума өзүм биринчи сунуш киргизгем (күлүп). Жолдошум менен биринчи жолу жолукканда эле «Канча бир туугансың? Мен сендей баланы канча жылдан бери жолуктурам деп жүргөм» деп айткам. Жолдошум экөөбүздүн мүнөзүбүз такыр башка. Жашаганыбызга 40 жылга жетип калды. Ушунча жашасак да мен анын мүнөзүн толук билип калдым деп айта албайм. Аябай бир сырдуу адам.

Жаңы келин болуп келгенде кайын энем "шартыбыз жок, даяр эмес элек" дегенине карабай жолдошума "алып кетсең макулмун" деп келип калгам. Кайын энеме жардам берип, камыр жайып киргеним эсимде (күлүп). Андан кийин көшөгөдө отуруп курсагым ачып, абысыныма «менин келгениме бүгүн 2 сутка болду, курсагым ачты» деп айткан элем.

Азыр бири-бирибизди түшүнүп, турмуштун ачуу-таттуусуна, өйдө-ылдыйына чыдап жашап келе жатабыз. Саргая күтсөң кызара бөртөсүң, жашоо менен күрөшсөң, жакшылыкка жетесиң дегендей учурда неберелерди тарбиялап жатабыз. Азыркы жаштарга турмуштун аскасы бийик зоосу болот, агыны катуу суусу болот, ошолордун бардыгынан чыдап өткүлө деп айткым келет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле бала чагын жана келин болуп келген учурун эскерди.

«10-класс кезимде коңшу Арчагул айылында бирөө баласын отургузуп той берип калды. Мен болсо кыз куумай болсо түшөм деп чачымды өрүп, өтүк кийип бардым. Бирок кыз куумай болбой калды. Суусаганда арыктын жээгине барып, бети-башымды жууп алайын деп отурсам бир апа келип, «иий айланайын, өзүң чоң эле кыз экенсиң, ат минип алып мындайларга келбе да» деди. Ошол бойдон ат мингенди коюп калдым.

Айылда кайын инилерим болуп көң жасачубуз, «Жеңе, атты жакшы минесиз, эшек мине аласызбы?» дешип эшек мингизип көрүшкөн. Ага чейин эшек минип көргөн элем. Өзүм эшекке минсем кулап кала тургансып коркчумун. Алар мен минсем бирөөсү жетелеп, бирөөсү артынан айдап алып, элдин бардыгы карап таң калган эле», - деди ал.

Уулкан жеңе учурда 3 кыз, 4 уул жана 14 неберенин апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1002
Көп окулду
×