Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баракелде 14.06.2018 09:00

Кыргыз-кытай чек арасындагы 2 көзөмөл пункт убактылуу жабылат

Turmush -  Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын чек арасындагы «Торугарт — унаа жолу» жана «Эркеч-Там — унаа жолу» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Кытай Эл Республикасы тарабынан Орозо айт майрамы жана Акындын күнүнө (Дуань-у цзе) байланыштуу кабыл алынды. Аталган пункттар 15-июндан тарта 18-июнга чейин өз ишин токтотот. Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү иштери 19-июнда кайрадан жүргүзүлүп баштайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×