Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Нарын

Нарын облусунда «Жыл мугалими» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Жыл мугалими-2018» облустук кароо-сынагы өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынактын максаты чыгармачыл мугалимдерди табуу жана иш тажрыйбасын жайылтууну көздөйт. Сынакка райондордон тандалып келген беш мугалим катышты. Алар калыстар тарабынан берилген саламдашууу, билим деңгээлин текшерүү, өз өнөрүн көрсөтүү тапшырмаларын аткарышып, ачык сабактын фрагменттерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында 1-орунду Нарын районундагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Усупова Нуржан, 2-орунду Жумгал районундагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бектемир кызы Майрамкүл, 3-орунду Ак-Талаа районундагы С.Атамбаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Сулайманова Касиет ээледи. Жеңүүчүлөргө Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун тиешелүү даражадагы дипломдору тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 806
Көп окулду
×