Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Эки жолу боюнан алдырган Гүлжан: Кечир балам, өмүр бою бир адамды өлтүрдүм деген ой жүрөгүмдө жашайт

Turmush -  Өзүн Гүлжан деп тааныштырган Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну эки жолу боюнан алдырган. Ал мындай кадамга баруусуна кайын журту менен жолдошу себепкер болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

«Учурда бир уул, эки кызым бар. Уулум 7 айлык болуп төрөлгөндүктөн назик болуп, көп ооруду. 2 айдан соң кош бойлуу болгонумду билип, үйдөгүлөргө айттым. Кайненем “итке окшоп былжыратып тууй бербей, бул чала жаныңды карап ал” деп күн көрсөтпөй, сүйлөнүп туруп алды. УЗИге барсам 9 жумалык болуп, жан кирип калган экен. Кайненемдин кабагы ачылсын деп боюмдан алдырууга туура келди. Дарыгерге киргенче он жолу артка кайтып, миң жолу ойлондум. Бирок жашоом олку-солку болуп жатса, эртең ажырашып кетсем эки балам менен кыйналам деп, боюмдан алдырып салдым. Наркоз сайылбагандыктан катуу оорудум. Бирок дененин оорусунан да жүрөгүмдүн оорусу катуу болду. 10-15 мүнөттө эле "бүттү" деди. Сордурган идишти карасам, уюган кан экен. Кечир балам деп чыгып кеттим», - дейт Гүлжан.

Гүлжандын айтымында, боюнан алдырган алгачкы жумада түнү менен кулагына баланын ыйлаган үнү угула берген.

«Үйдүн артындагы чуңкурда баланын ыйлаган үндөрү угулуп, чочуп жаттым. Күн өткөн сайын балама алаксыганым менен өмүр бою бир адамды өлтүрдүм деген ой жүрөгүңдө болот экен. Көпкө чейин уйку жок, тамак ичпей, сүйлөгүм да келбей, депрессияда жүрдүм. Бирок экинчи жолу да боюмдан алдырууга туура келди. Ал убакта биринчи балам 3 жашка чыгып, дагы боюмда болуп калды. Кайненем менен айтыша кетип, жолдошум токмоктоп салды. Таарынып ата-энемдикине барсам, апам "ажырашсаң батпайсың же балдарыңды бересиң, алдырып сал" деп туруп алды. Өчөшүп, 3 жашар балам менен үйдөн чыгып кеттим. Сейил бакта түшкө чейин ыйлап отурдум да, баламды жетелеп гинекологго жөнөдүм. Баламды караганга эч ким жок болуп, аборт кылган жерге жетелеп кирдим. Мунусунда көзүмдөн жаш да чыкпады, ооруну да сезген жокмун. Баламды жетелеп алып, жөө кайра үйгө келдим. Алгач өзүмдү гана күнөөлөсөм, эми жолдошумду да күнөөлөп, жеңилдеп калдым. Менин оюма койсо 10 бала деле төрөмөкмүн. Бирок аны бакпаса, төрөй бер деп жоопкерчиликти мойнуна албаса, кантип төрөйм? Кийин боюма бүткөндө өлсөм да төрөттөн өлөйүн деп төрөй бердим. Ымыркайды боюмдан алдырбай, төрөй берсем мектепке барып калмак, ырыскысы деле табылмак экен деп көп ыйлайм», - деди Гүлжан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8563
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×