Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ысык-Көл

Караколдук Б.Ахунбаев бокс боюнча ачык биринчиликте алтын тагынды (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы спорт мектептин тарбиялануучусу Бактияр Ахунбаев Ак-Суу районунда өткөн бокс боюнча ачык биринчиликте алтын медаль утту.

Аймактык кабарчы билдиргендей, аталган ачык биринчилик Каныбек Султановдун байгесине арналган. Анда 1-орунду ээлеген мушкер Б.Ахунбаев булгаары кол кап менен сыйланды.

Ал буга чейин Кант шаарында өткөрүлгөн өлкөнүн чемпионатында 57 кг салмактагылар арасында күч сышанып, күмүш медаль уткан болчу. Мушкер Каракол спорт мектебинин бокс боюнча башкы машыктыруучусу Мухидин Разаковдун тарбиялануучусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Көп окулду
×