Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Нарындагы мектептин спорт залы 1,2 млн сомго оңдолууда (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын спорт залы 1 млн 177 сомдук каражатка оңдолууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндɵ Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын спорт залына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдɵ. Бул иштерге сарпталуучу каражаттын жалпы суммасы 1 миллион 177 миӊ 212 сомду түзɵт. Анын ичинен 915 миӊ 952 сому республикалык бюджеттин түрткү берүүчү грантынан, ал эми 261 миӊ 260 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Бɵлүнгɵн каражатка спорт залдын полу, терезелери толугу менен алмаштырылып, акталып-сырдалмакчы. Учурда иш ыргагы талаптагыдай уланууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1005
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×