Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Баткен

Баткенде сел жүрүп, бир топ зыян келтирди (фото)

Turmush -  Кечээ, 12-июнда саат 18:23 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын Султанмурат миң башы, Энгельс, Нуриев, Т.Садыков көчөлөрүндөгү үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 6 чарбакка сел кирди. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасында сел жүргөн. Анын кесепетинен 45 үйдүн чарбагына сел кирип, кум-шагыл толуп калган. 300 метр ички чарбалык жол бузулуп, 500 метр ички чарбалык арыктар шагылга толгон.

Ошондой эле 1,5 чакырым сел коргоочу тосмону сел жууп кеткен. Анын кесепетинен быйыл эле айыл өкмөт тарабынан курулган тосмо толугу менен жарактан чыкты. Чарбалык 35 курулушка сел кирип, шагылга толтурган. Үч-Төбө айылы менен Ак-Татыр айылынын Аэропорт участкасынын ортосунан аралап өткөн сел өткөрүүчү сайдын оң жак жээгинин 200 метр аралыгын суу жеп, жолго коркунуч пайда болду.

Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Бак айылынын Орто-Сай участкасынын сайларында сел жүргөн. Сайдагы жана сел өтүүчү сайда 300 даана габиондук торчону орнотууга даярдалган сел тосмону суу жууп кетип, жараксыз абалга келтирген. Жаңы-Бак айылындагы 1 км жол шагылга толуп, кээ бир участкаларын сел суулары оюп кетти. 300 метр аралыктагы селден коргоочу тосмо жараксыз абалга келген. Жайылма участкасында 3 даана лотокту сел алып кетип жараксыз абалга келтирген. Ак-Татыр каналынын 12 метр аралыгындагы бетон курулмалар жараксыз абалга келип, 8 үйдүн чарбагына сел кирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 503
Көп окулду
×