Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Ош облустук кан борборунда Кызыл ай коомунун көмөгү менен кандын туруктуу запасы сакталат (видео)

Turmush -  14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү. Буга карата бүгүн, 13-июнда АКИпресс-Ошто маалымат жыйын уюштурулуп, Кызыл жарым ай коомунун Ош облусундагы өкүлдөрү, Ош облустук кан борборунун директору Осмонали Шамшидинов жана туруктуу донорлор катышты.

14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнү.

Кан берүүчү донорлор боюнча атайын долбоор менен иштешип жаткан Кызыл ай коомунун Оштогу өкүлү Анара Аманбаеванын айтымында, үзгүлтүксүз, ыктыярдуу жана акысыз кан берүүнүн негизинде гана керектүү кан запастары камсыз кылынат.

«Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата иш-чараларды уюштуруп жатабыз. Ош облустук кан борбору менен тыгыз иштешебиз. Жылдын башынан бери 300гө жакын адам кан тапшырган. 3 миңге жакын адамдарга маалымат бердик. 381 адам өткөн жылы кайтарымсыз донор болуп беришти. Ошондой эле өзүбүздүн 25 ыктыярчыбыз бар», - деди А.Аманбаева.

Ал эми Ош облустук кан борборунун директору Осмонали Шамшидинов кандын запасы жетиштүү сакталып келгенин кошумчалады.

«Кызыл ай коому бизге жакшы жардам берип жатат. Каалоочулар бизге каалаган күнү келип, маалымат алып, кан тапшырса болот. Бизде кан жетишсиз болуп калбайт. Туруктуу запасты кармоого аракет кылабыз. Бизде миңден ашык донорлорубуз бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 338
Көп окулду
×