Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Талас

Жубайлар: Сулумбай атанын жубайы Кайдыш апа келин болгондо кайын атасынын атын айтып алып, аябай ыйлаган (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 60 жаштагы тургуну Береналиев Сулумбай ата менен 58 жаштагы Осмоналиева Кайдыш апа экөө баш кошкондо аэропортко барышып, учактардын учканын көрүшкөн. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Кайдыш апа: Мен Талас районунун Арал айылында туулгам. Көк-Кашат айылына 19 жашымда келин болгом. Жолдошум экөөбүз таанышып калышыбызга атам (кайын атасы) себеп болгон. Мен үйдө балдар менен алектендим, жолдошум айдоочу болуп иштеди.

Баш кошкондо жолдошум экөөбүз ЖААКка никебизди каттаганы барып калдык. Кирсек эле толтура кемпирлер отурган экен. Бардыгы менден «кимдин келинисиң?» деп сурашты. Мен жолдошум жанымда турат, ал жооп берет деп ойлонбой эле шашкалактап, жолдошумдан биринчи атамдын атын айтып жибериптирмин. Бардыгы эле бири-бирин тиктешип, «кайын атасынын атын шуулдатып айтып жатат» дешти. Үйгө келип алып, «атамдын атын айтып алдым» деп аябай ыйлагам.

Сулумбай ата: Экөөбүз 1977-жылы 23-июнда баш коштук. Жубайым биздин айылга жездесиникине келиптир. Атам көрүп жактырып, сыртынан сураштырып келген экен. Мага «ушул үйгө конокко бир кыз келиптир, таанышып көр» деп айтып калды. Менин классташым жубайымдын жездесинин кошунасы болчу. Ал экөөбүздү тааныштырды. Бири-бирибизге жактык дагы, 1 айдан кийин эле баш кошуп алганбыз. Экөөбүз ынтымакта жашап келебиз. Жубайымдагы эң сыйлаган сапаты — менин апамды бүгүнкү күнгө чейин өз апасынан да артык көрүп сыйлаганы. Жаңы нан жасаса дагы апасына алып барып берет. Мен сырттан карап, жубайыма ичим жылып турат.

Бизде эң эле эсте калган күлкүлүү окуя жаңы үйлөнгөн кезде болду. Ал кезде унаа аз болчу. Жубайымды үйүнөн алып келе жатканда жакын агамдын жүк ташуучу унаасы менен бардык. Жубайымдын жанына жеңеси кошулду. Ойлоп көрсөм ал кезде аябай баёо экенбиз. Ал жеңесинин турмушка чыкканына 3 эле ай болуптур, эч нерсе билбейт. Кайда барабыз билбейбиз, эл көрөт деп уялып жүрөбүз. Оюма аэропорт келди да, «ошол жакка барабыз, ал жак ээн» дедим. Макул деп аэропортко алып барып, учактар ушинтип учат деп көрсөтүп жатабыз (күлүп). Мына илгерки учур... Ошол жерде кичине ашкана бар болчу. Ал жерден лагман жеп, андан кийин үйгө алып келгенбиз.

4 уулдун атасы болдум. Бардыгы оокатка тың, уста болуп чыгышты. Кезинде атам уста болуп, элдин тамдарынын чатырын жаап берчү экен. Орустар менен биргеликте айылдагы биринчи мектепти курган. Мен унаа айдап эле жүрө бериптирмин. Бүгүнкү күнгө чейин үйдөгү анча-мынча иштерди жубайым жайгарып коёт.

Жубайлар 4 уул, 1 кыз, 11 неберенин ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 959
Көп окулду
×