Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

Күтүүсүз рейд: Ош—Бишкек каттамындагы унаалар, айдоочулардын кан басымы текшерилди

Turmush -  Ош шаарында «Такси» рейди өткөрүлүп, Ош—Бишкек каттамындагы айдоочулардын кан басымы, унааларындагы жол аптечкалары текшерилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө коңшу мамлекеттерге каттаган айдоочуларда биринчи жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон дары-дармектер бар экени, ал эми өлкөнүн ичиндеги айдоочулардын көпчүлүгүндө жок экени байкалды. Рейддин негизги максаты — жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, унаа кырсыктарын алдын алуу.

«Биз жалпы 50 унааны текшердик. Анын ичинен 3 айдоочунун дарыларды сактоочу аптечкалары жок болуп чыкты. Ош—Бишкек каттамы менен каттаган айдоочуларга рейд уюштуруп, кан басымын текшертип жатабыз. Ошону менен катар айдоочулардын айдоочулук күбөлүгү, аптечкасы, өрттү өчүрүүчү жабдуулары текшерилди. Ал эми аптечкалары жок айдоочуларга эскертүүлөр берилди», - деди Ш.Шакиев.

Нурбек Тойчуев бир топ жылдан бери айдоочу болуп эмгектенип келет. Ал ар дайым дары-дармектерди унаасында алып жүрө турганын билдирди.

«Мен Россияга да каттайм. Алыскы жолдо ар кандай окуялар болушу мүмкүн. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн ар дайым аптечкада дарылар болот», - деди ал.

Ал эми Курманбек Баязовдун унаасын текшергенде аптечкасы жок болуп чыкты.

«Менде аптечка бар эле, жарактуу мөнөөтү бүтүп калганда ыргытып жибердим. Ар бир адам өзүнүн оорусун билет», - деди К.Баязов.

Ош шаардык тез жардам бекетинин кызматкери Замира Эргешованын айтымында, жалпы 20 айдоочунун кан басымы текшерилип, бардыгынын абалы жакшы чыккан.

«Айдоочулар эң негизгиси жолго чыкканга чейин жакшы эс алуусу зарыл. Убагында тамактанып, убагында укташы керек. Биз бүгүн кан басымын текшерип көрдүк. Баарынын кан басымы нормалдуу болду», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1570
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×