Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук А.Русланов 80 гектар таштак жерди бакчага айландырды (видео, фото)

Turmush -  Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын тургуну Арстанбек Русланов 80 гектар таштак жерге тамчылатып сугаруу жолу менен мөмө-жемиштердин түрүн өстүрүп жатат. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Айбек Жороев билдирди.

«Бул жер Арстанбек Русланов тарабынан 2005-жылы "Нарсуу" кооперативи болуп негизделген. Ал Ак-Өлөң айылынын үстү жагынан 80 гектар жерди алып, жерден суу чыгарып, тамчылатма жолу менен алма, өрүк жана башка мөмө-жемиштерди өстүрүп келет. Жерден өзү эле пайда көрбөстөн, Ак-Өлөңдүн элин да жумуш менен камсыз кылып жатат. Жайында мөмө-жемиштерди жыйноого кошумча күч талап кылынып, айыл эли иштеп кошумча акча таап алышат», - деди ал.

80 гектар жерге жайы-кышы кам көргөн жумушчу топтун башчысы Кулманбет Токтомбаев бакча тууралуу айтып берди.

«80 гектар жердин басымдуу бөлүгүнө өрүк бак тигилген. Анын көчөттөрү 2009-жылы отургузулган. Өрүктүн краснощекий, султан, королевский деген сорттору бар. Аталган аймакка өрүктүн жалпы 10 миң түпкө жакын көчөтү отургузулган. Мындан сырткары 7 гектар жерге алма, 8 гектарга шабдаалы, 9 гектарга кара өрүк жана 3 гектарга гилас тигилген. Бүгүнкү күндө 80 гектар жердин 60 гектарына мөмө-жемиш эгилип бүттү. Түшүмдүүлүгү боюнча мисал катары өрүктү айта алам. Былтыркы жылы андан 3 чоң унаа түшүм алдык», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2836
Көп окулду
×