Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуКочкор району 13.06.2018 14:41

Айыл турмушу: Т.Ниязов 45000 долларга алган станогу менен жердештеринин жыгачтарын тилип берет (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын 57 жаштагы тургуну Темирбек Ниязов жыгач тилүүчү станок сатып алып, жердештерине кызмат кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Темирбек Ниязовдун айтымында, анын кесиби айдоочу болгондуктан жүк ташуучу унаасы менен каражат тапчу.

«Ага жумуш чыкпаса үйдө отуруп калчумун. Мындан бир жарым жыл мурда районубузда жыгач тилүүчү станок жоктугунан, аны сатып алууну ойлондум. Заманбап жыгач тилүүчү станокторду сураштырып, Россиядан алдыруу үчүн буйрутма кылдым. Баасы 45 000 долларга чыкты. Бирок сатып алууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, туугандарымдан жардам сурап, өзүм дагы каражат чыгырып, заманбап тактай тилүүчү станок алдым. Мындай станок райондо жок болгондуктан айылдарды кыдырып иштеп жатам. 1 куб жыгачты 1300 сомго тилип беребиз. Ушул учурда Теңдик айылынын көчөлөрүн оңдоого салым кошуп, штакетниктерин тилип берүүдөмүн», - деди Т.Ниязов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×