Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусу 13.06.2018 14:36

«Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн кызыкчылыктары жана интеграциялык жараяндар» конференциясы

Turmush -  Эл аралык «Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн кызыкчылыктары жана интеграциялык жараяндар» конференциясынын алкагында 11-июнда Борбордук Азиядагы Америка университетинде натыйжалуу маалымат алмашуу болду.

Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Жорж Вашингтон (Джордж Вашингтон) университетинин Борбор Азияны изилдөө программасы менен биргеликте уюштурулган илимий конференция эл аралык эксперттер үчүн интеграциялык процесстерди талкуулаган аянтча болуп калды. Анда АКШдан, Европадан, Россия жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдөгү дүйнөгө белгилүү саясат таануучулар, серепчилер интеграциялык процесстерди ар тараптуу талкуулап, катышуучулардын процесстер боюнча түшүнүгүн жакшыртуу жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон жолдорун аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Алар бул түзүмдөрдү түзүү себептери жана алардын негизги максаттары, ошондой эле кызматташуу үчүн алардын потенциалына кенен токтолушту.

Конференция 4 тематикалык сессияга бөлүнгөн:

- Борбор Азиядагы улуу державалардын саясаты;

- Евразия экономикалык биримдиги жана «Бир алкак — бир жол» демилгеси;

- Эл аралык кызматташуу жана интеграциядагы Борбор Азия;

- Европа жана Азия: кызматташуу, чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр.

Бул конференция USAID демилгелеген «Келечекти бирге курабыз!» долбоорунун алкагында өттү. Бул долбоор Кыргызстандын аймактарындагы жаштарга сапаттуу жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк берип, Борбордук Азиядагы Америка университетиндеги студенттер менен мугалимдердин изилдөө иштериндеги деңгээлин жогорулатып, ошондой эле БААУдагы «Бизнести башкаруу» программасын эл аралык деңгээлде каттоодон өткөрүү процессин колдойт.

«Келечекти бирге курабыз!» долбоорунун негизги компоненттеринин ичинде:

- Борбордук Азиядагы Америка университети USAID'дин колдоосу менен Кыргызстандын баардык аймактарындагы студенттерге стипендия берет (стипендианттардын 60 пайыздан ашыгы аймактардан);

- Борбордук Азиядагы Америка университети профессордук-окутуучу курамдын квалификациясын интенсивдүү жогорулатуу жана 20дан ашык илимий изилдөө багытындагы долбоорлорду жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдеги басылмаларга басып чыгаруу менен сунуштайт;

- «Бизнести башкаруу» программасын дүйнөдөгү каттоодон өткөрүүчү 3 чоң агенттиктерден (IAA — Эл аралык жарнамалык ассоциация, AMBA — Бизнес мектептерин жана MBA программаларын каттоодон өткөрүү менен алектенген эл аралык уюм, AACSB — Университеттердеги бизнес мектептерди өнүктүрүү боюнча ассоциация) каттоодон өткөрүү БААУ үчүн стратегиялык долбоорлордун бири болуп калат.

- USAID Борбордук Азиядагы Америка университетинде гендердик маселени актуалдаштырууга көмөктөшөт: студенттерди тартуу, каржылык колдоо жана стипендиялар, изилдөөлөр, ошондой эле адамдык ресурстарды башкаруу боюнча.

Бул долбоор 113 студентке жана 150 мугалим менен кызматкерлерге түздөн-түз тиешелүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×