Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда экс-президенттин эжеси Т.Бакиева акыркы сапарга узатылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-июнда Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында экс-президент Курманбек Бакиевдин эжеси Турдукан Бакиева акыркы сапарга узатылды.

Маалым болгондой, 76 жаштагы Турдукан Бакиева узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Айрым маалыматтарга караганда, ал дарылануу үчүн Минск шаарына кеткен.

Т.Бакиева 1942-жылы Сузак районунун Тейит айылында жарык дүйнөгө келген. Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары) медициналык институтту бүтүрүп, балдар дарыгери адистигине ээ болгондон кийин эмгек жолун Оштогу балдар ооруканасында дарыгер болуп баштаган. Андан бери эмканада дарыгер, аймактык дарыгер жана райондук ооруканада дарыгер, Жалал-абад шаарында балдар ооруканасында, андан кийин шаардык эмканада башкы дарыгердин орун басары кызматтарын аркалап келген. 1980-жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы балдардын санаторийинде башкы дарыгер болуп көп жыл эмгектенген.

Дарыгерлик кесибинин арты менен Т.Бакиева СССРдин саламаттыкты сактоосунун отличниги аталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7871
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×