Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Чүй

Махабаттын күчү: Сүйгөн кызына жетпей калган машыктыруучу И.Трафимов өмүрүнүн аягына чейин үйлөнгөн эмес (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кайназарова айыл аймагында машыктыруучу Игорь Трафимовдун жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөт башчысы Улан Асанканов билдирди.

«Бул киши мектепте 40 жылдан ашуун эмгектенди. Бардык өмүрүн окуучуларга арнап, кол эмгек жана дене тарбия сабактарын окуткан. Фантазиясы күчтүү, өз жумушуна берилип иштеген эмгекчил адам эле. Мектептен волейбол боюнча кыздардын тайпасын түзүп, чет өлкөгө чейин алып барып келген. Бул кишинин эмгегин айта берсе сөз көп. Жаштарга абдан чоӊ дем-күч болчу! Бирок тилекке каршы үй-бүлөсү жок. Эл арасында айтылып жүргөн сөздөргө караганда, Игорь Александрович жаш кезинде өзүнүн сүйүктүүсүнө жетпей калган экен. Ал башка кишиге турмушка чыгып кеткен имиш. Ошол бойдон эч кимге үйлөнбөй койгон экен. Бардык убактысын, өмүрүн ушул мектепке, андагы окуучуларга арнады», - деп эскерди ал.

Игорь Трафимов былтыр оорусуна байланыштуу 88 жашында каза болгон. Анын урматына өткөрүлгөн футбол мелдешине Кайназарова айыл аймагына караштуу Чаткөл, Белек, Түз айылдарынан куралып келген тайпалар катышты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Чаткөлдүн командасы алып, 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунду Белектин командасы ээлеп, 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышса, 3-орунду Түз айылынын командасы жеңип, 1000 сом акчалай сыйлык алды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1103
Көп окулду
×