Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Нарын

Жумгалда жалгыз бой ата А.Макеевдин жамбаш сөөгүнө операция жасатууга марафон уюштурулду (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылында «Кайрымдуулук адамдык парз» аттуу марафон уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган марафондун максаты — Байзак айылынын 1988-жылы туулган тургуну Айбек Макеевдин жамбаш сөөгүнө операция жолу менен эндопротез коюуга каражат топтоо. Унаа кырсыгынан жамбаш сөөгү сынган Айбек келинчеги менен ажырашып, 3 баласы менен калган. Ал учурда аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турат. Айбектин атасы кайтыш болуп кетсе, апасы мектепте тазалоочу болуп иштейт. Айбек өзү 3 бир тууган.

Операцияга 2500 доллар керектелери айтылган. Кечээ, 12-июнда айылдык маданият үйүнүн алдында марафон өтүп, жалпы 125 миң сом акча каражаты чогулду.

Жардам берүүнү каалагандар:

ОАО РСК Банктын Чаектеги филиалы
БИК: 129028
Эсеп номур: 1290283520000061
Картанын эсеби: №000001212273
Макеев Айбек Кайратович
Тел: 0706838340

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 449
Көп окулду
×