Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Чүй

Ой-пикир: Мээ ооруткан мектеп жолу же кимиси маанилүү?

Turmush -  Окуучулардын жол коопсуздугуна кам көрүүдө мектеп менен үй каттамдарындагы жолдун абалы өтө маанилүү. Ондогон жылдар бою көңүл бурулбай келе жаткан Чүй облусунун Москва районундагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун боюндагы И.Черняховский атындагы орто мектепке кеткен жол түмөн түйшүк жаратат. Өзгөчө кыш, жамгыр жааган мезгилде көлчүккө айланып, балдардын сабакка баруусу кыйындайт. Буттары суу, бут кийимдери ылай болгон келечек муундарыбыздын ден соолугуна ким кам көрүүгө тийиш. Албетте, биз — улуу адамдар, жооптуу кызматкерлер.

Миң тонналап жолго төгүлгөн шагылдан бир тонна төктүрүп коюуну эмнеге балдарыбызга ыраа көрбөйбүз. Жылдан-жылга асфальт чөгүп, жолдогу аңдар, тешиктер арбып келет. Миңге чукул окуучулар каттаган жол — билимге жетелеген жол. Мугалимдер, ата-энелер да жол азабын тартып, айрымдары жогоркулардан үмүтү зор. Билимге кеткен жолбу же той-ашка тоюнгандарбы? Кимиси маанилүү?

Акчалууга айкын жол, долларлууга даркан жол, агартууга аң жол белем!

Ибраим Чотов, Москва району

Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 328
Көп окулду
×