Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Нарын

Жаш талант: 13 жаштагы Нураян пульт менен башкарылуучу унаанын макетин жасады (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 13 жаштагы тургуну Нураян Талантбек уулу көптөн бери эңсеп жүргөн кыялын ишке ашырып, пульт менен башкарыла турган унаанын макетин жасады. Эми аны жашоодо колдонууга шашкан жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Нураян 2005-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Быйыл шаардагы Э.Ибраев атындагы №4 мектебинде 7-классты аяктады. Окуудан сырткары университеттеги эжелери менен чогуу буюмдарды жасоого аракет кылат. Ал пульт менен башкарыла турчу унаанын программасын түзүп чыкты.

«Бул ишке ушул жылдан бери кызып баштадым. Bluetooth модулду Бишкектен сатып келип жасадым. Башында жөнөкөй кылып жасагам, кийин оорлоштуруп, пульт менен башкарыла тургандай кылып жасап чыктым. Келечекте адамдын жумушун жеңилдете турчу роботторду жасоону пландап жатам», - деди ал.

Нураян С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин маалыматтар технологиялар кафедрасынын алдында түзүлгөн жаш техниктер клубуна биринчилерден болуп барган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 922
Көп окулду
×