Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Нарындын Миң-Булак айылынын дайынсыз жоголгон тургуну Бишкектен табылды (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Өмүрбек Баймоңолов үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголуп, Бишкек шаарынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын РИИБден билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Өмүрбек Баймоңолов Бишкектеги бир тууган карындашынын үйүнө кетип калган.

«Аталган тургун ушул жылдын 10-июнунда түшкү саат 14:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Мындан улам анын туугандары Нарын РИИБге кайрылып, издөө боюнча арыз жазышкан. Андан көп өтпөй 12-июнда ал Бишкек шаарындагы бир тууган карындашынын үйүнө кетип калгандыгы белгилүү болгон.

Өмүрбек Баймоңолов психикалык жактан жабыркап келгендигине байланыштуу туугандары Бишкектен дарылантып, аны шаарда убактылуу карап турушат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Өмүрбек Баймоңолов үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымдалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1828
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×