Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуНоокат району 13.06.2018 11:16

Ноокатта 2 унаа кагышты, жабыркагандардын бири 6 жашта

Turmush -  Ноокатта эки унаа кагышып, 4 адам ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Аларга алгачкы жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.

Маалым болгондой, 11-июнь күнү саат 19:00 чамасында Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында «Мазда» үлгүсүндөгү автоунаа менен «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Мазда» үлгүсүндөгү автоунаанын 4 жүргүнчүсү жабыркап, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө жатышат. Алардын арасында 6 жаштагы бала бар. Жабыркагандар Кадамжай районунун тургундары экени такталды.

Учурда бул факт боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×