Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Айыл турмушу: 6 жашында тасмада роль жараткан У.Мусаеванын чыгармачылыктагы жашоосу (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында туулган жаш талант Умсунай Мусаева ата-энеси каршы болгонуна карабай 6 жашынан тасмага тартылган.

Умсунай 1996-жылы жарык дүйнөгө келген. Айылда чоңоюп, эрезеге жетип калган мезгилинде тасмага тартылып, актриса болууну кыялданган. Атасы Жекшенбек Казыбеков 1960-жылы фермердин үйүндө төрөлгөн. Кесиби боюнча механик, үйдө кичүүсү болгондуктан союз убагында чоң атасынын совхозунда айдоочу болуп иштеп калган. Апасы Гүлзат Бегалиева 1973-жылы Чаек айылында туулуп, ушул жерде өскөн.

«Өзүм үй-бүлөдө 6 бир тууганмын. Атам-энем мени таланттуу кыз деп борбордо окутууну көздөшкөн. Апам жана таякелерим мени 2003-жылы Бишкекке алып барып, Чүйдүн Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы №2 орто мектепке киргизишти. 3-классты аяктаган соң Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Стрельников орто мектебине кирип, окууну ушул жерден аяктадым. 2015-жылы кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдон билим алып, ошол эле жылы Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырып, учурда маданияттын мыкты кызматкери Назым Мендебаировдун колунда 3-курста билим алып жатам. Өнөргө болгон эң алгачкы кадамым 6 жашымда башталган. Тасмада кичинекей кыздын ролун жараткам. Ошол күндөн тартып бул менин кыялым гана болбостон каалоом болуп калды», - деди У.Мусаева.

Умсунай мектепте окуп жүргөндө эле көптөгөн тасмаларда эпизоддук ролдорду жаратып жүргөн. Андан соң, студенттик кезде толук метраждуу тасмаларга катышкан.

«Чынында үйдөгүлөр, бир туугандарым бул чөйрөгө аралашуума каршы болушту. Бирок өзүмдүн жеке оюмдун күчтүүлүгү же көк беттигимден үйгө айтпай мастер-класстарга катышып жүрдүм. Мастер-класстарды аяктап, өзүмдүн чакан 2 мүнөттүк кыска метраждуу киномду тартып, башкаларга тартылып берип, өзүмдө ишеним пайда болгон соң театрдык окуу жайына баргам. Андан кийин көптөгөн тасмаларда, чоң-чоң долбоорлордо иштедим жана азыркыга чейин бул чөйрөдө эмгектенем. Мени театрдагылар "киношник", ал эми тасмадагылар "театралка" деп коюшат. Бирок менин жан дүйнөм эки жакта тең десем болот. Мен үчүн тасма оң көзүм, ал эми театр сол көзүм деп эсептейм. Акыркы 2,5 жыл тынбай кадр сыртында иштөөгө туура келди. Башында ассистент, администратор болуп иштеп баштасам, кийин толук метраждуу тасмаларда кастинг боюнча директор, актёрлук жактан уюштургуч болуп иштей алдым. Алдыда көптөгөн ой-максаттарым бар. Өзүм драматургияга да абдан кызыгам»,- деди ал.

Умсунай учурда бойдок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1726
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×