Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 13.06.2018 10:30

Шашылыш билдирүү: 13-июндан 15-июнга чейин жамгыр жаашы мүмкүн

Turmush -  13-июндан 15-июнга чейин болжолдонуп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын айрым райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-15-июндарда туруксуз аба ырайы болушу ыктымал. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 21…26°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 23…28°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 18…23°, тоолуу райондордо 13…18°, бийик тоолуу райондордо 3…8° жылуу болушу ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×