Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Маданияттын мыкты кызматкери Лама Курманкожоева жыландардын ордосунда төрөлгөн (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 65 жаштагы тургуну Лама Курманкожоева айылдагы Б.Ибраев атындагы маданият үйүн жетектеп келет. Маданияттын мыкты кызматкери менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын Лама деген ысымынын кызыктуу тарыхы бар.

«Мен Жумгал районунун Жумгал совхозунда Лама деген жерде төрөлгөм. Атам иш боюнча келгенде бул жерде айыл дагы жок, болгону жайлоо болгон экен. Атам Фрунзеге кетип, апамдар боз үй тигип, эс алуу үчүн калышыптыр. Боз үй тигилген жерде Лама деген калмак кызынын мүрзөсү болгон экен. Кылым өтүп, мүрзө билинбей, тапталып калыптыр. Дал ошол жерге ата-энем боз үй тигип, отурукташкан. Ал мүрзөдө жыландардын ордосу бар экен.

Бир күнү кош бойлуу апам толготуп, боз үйдө көз жарыптыр. Төрөт учурунда кан жыландардын ордосуна кирип, бүт жыландар чыгыптыр. Мени төрөткөн молдо касыйда окугандан кийин жыландар кайра ийинге кирип кетишиптир. Бул окуядан кийин дароо боз үйдү башка жерге которушуп, атымды ырымдап, Лама деп коюшкан экен. Кийин ысымымды өзгөртүп алайын десем, ата-энем каршы болушту», - деди Лама Курманкожоева.

Анын жолдошу Асаналив Капазбек Улуттук университеттин экономикалык факультетин бүтүргөн. Ар кайсы кызматтарда үзүрлүү эмгектенген. Жубайлар эки уул, бир кызды тарбиялашты.

Улуу кызы колледжде директор болсо, уулу Кипрде 11 жылдан бери үй-бүлөсү менен жашайт. Кичүү уулу атасы менен чарба иштери менен алектенет.

Лама Курманкожоева Улуттук университеттин тарых факультетин бүтүргөн. 16 жыл мугалим болуп иштеген. 2000-жылдан бери Б.Ибраев атындагы маданият үйүн жетектеп келет. «Маданияттын мыкты кызматкери» наамынын ээси, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу жана жергиликтүү кеңештин депутаты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1192
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×